Коронавирус түшүндүрүлгөн жана сизге кандай иш кылуу керек. | Kurzgesagt

🎁Amazon Prime 📖Kindle Unlimited 🎧Audible Plus 🎵Amazon Music Unlimited 🌿iHerb 💰Binance

Видео

Транскрипт

2019-жылдын декабрь айында Кытай өкмөтү

жаңы вирус өлкө аймактарында тарап аткандыгы тууралуу дүйнө коомчулугуна кабарлайт.

Бир ай өтүп өтпөй вирус башка өлкөлөргө чыгып күнүгө эки эселик тездик менен көбөйө баштайт.

Бул оор курч респиратордук синдрому (ТОРС) менен байланышкан Коронавирус-2 вирусу.

Бул вирус Covid-19 деп аталган же биз билген Коронавирус (“таажы вирус”) илдетинин козгогучусу.

Адамга жуккан учурда эмнелер болот? Биз ага каршы эмнелерди аткарышыбыз зарыл?

[Intro Music]

Вирус - бул кабыкчага оролгон ДНК жана протеиндер: өз алдынча толук кандуу жандык деп айтууга болбойт.

Анын жашоо ыкмасы - башка тирүү клеткага жармашып, анын ичинде тукумдоо аркылуу ишке ашат.

Коронавирус ар кыл буюмдарга жабышып тарашы мүмкүн.

Бирок азыркыга дейре ал канчалык мөөнөттө сырткы чөйрөгө туруштук берери анык эмес.

Бул вирустун жайылуу жолунун эң олуттуусу – майда чачыранды тамчылар болуп эсептелинет. Оорулуу адамдын жөтөлүүсүнүн натыйжасында,

же бетти, көздү жана мурунду кол менен кармалоо учурунда жугат.

Вирустун адамдын денесине болгон узун сапары дал ушул учурдан башталат. Мындан ары ал тымызын дене ичине кире баштайт,

анын башкы максаты - өпкө, ичеги жана көк боорго жайгашуу. Себеби ошол жерден а л эң көп залакасын тийгизе алат.

Аз гана сандагы коронавирустар өтө оорчундуу натыйжаларга алып барышы мүмкүн.

Өпкөнүн ичи миллиондогон эпителий клеткалары менен төшөлгөн.

Бул клеткалар чек ара милдетин аткарып биздин органдарыбызды инфекциялардан коргоп турат.

Коронавирус болочок азыгына мембранадагы рецепторлор аркылуу туташып ичине ДНКасын кийирет.

Клетка эмне болуп жатканын түшүнбөй, вируска баш ийип, төлдөө буйруктарын аткара баштайт. Ал буйруктар, негизинен -

“копия жаса” жана “бириктир”.

Буйруктар кайталанып отуруп баштапкы вирус өтө көп санда төлдөөгө жетишет дагы, клеткада жашынбай сыртка чыгышы үчүн акыркы

«өзүңдү өлтүр» буйругун берет.

Клетка жоюлат да жаңы түзүлгөн вирустар сыртка чыгып башка клеткаларда ушундай ишин улантат.

Инфекцияланган бөлүкчөлөрдүн саны өтө тез эселеп көбөйө баштайт.

Дээрлик 10 күндө миллиондогон дене бөлүкчөлөрү инфекцияланып миллиарддаган вирустар өпкөгө толуп калат.

Бул вирустун акыркы соккусу эмес, себеби ал мындан дагы коркунучтуу куралды ишке киргизе баштайт.

Ал курал – өзүбүздүн иммундук системабыз.

Иммундук система бизди коргоо үчүн жаралганы менен, эгерде аны туура башкарбаса коркунучтуу болушу да мүмкүн.

Алгачкы иммундук бөлүкчөлөр келер замат корона аларды инфекциялап коёт да башка коргоочу клеткалардын башын айлантат.

Клеткалардын көзү да, кулагы да жок болгондуктан,

алар жөн гана маалымат берүүчү протеиндер аркылуу өз ара байланышып турат.

Ар бир иммундук реакция ошол маалымат протеиндерине көз каранды.

Корона инфекцияланган иммундук клеткаларга белгилүү кыймыл жасатып дүрбөлөң чыгарууга буйрук берет.

Буга коргоочу соо клеткалар алданып ашыкча санда келип алышат да күчтөрүн корото башташат. Бул дүрбөлөң ресурстарын азайтуу жана өзүнө өзү залал тийгизүү максатында жасалат.

Мында өзгөчө баш аламандыкка алдырган эки клетка бар.

Биринчиси - нитрофилдер. Алар керексиз клеткаларды өлтүрүү жөндөмү менен белгилүү, бирок өз клеткаларын да өлтүрүп алышы мүмкүн.

Бул коргоочулар келери менен ири өлчөмдө өлтүрүүчү затты чача башташат да, душманга караганда өз туугандарын көбүрөөк өлтүрүүгө киришет.

Баш аламанга түшкөн экинчи коргоочу клетка – Т-киллер. Булардын колунан келген нерсе- инфекцияланган клеткаларга өзүн-өзү өлтүрүү буйругун берүү б.а. суицид жасатуу.

Башы айланып калгандыктан булар соо клеткаларга да суицид буйругун бере башташат.

Канчалык көп коргоочу клеткалар чакырылган сайын, ошончолук көп залака келтирет.

Мындай алдануунун натыйжасы кээде өмүр бою кала турган жаракаттарга алып келиши мүмкүн.

Көпчүлүк учурларда иммундук клеткалар жай болсо да башкарууну өз колуна алганга үлгүрүшөт.

Оорулуу клеткаларды өлтүрүп вирустардын жайылуусун токтотушат жана согуш талаасын тазалап чыгышат.

Ошондо айыгуу башталат.

Көпчүлүк адамдар коронавирустан орточо гана жоготуулар менен кутулушат.

Бирок ошол эле мезгилде бир топ учурларда өөрчүшүп критикалык абалга айланышы мүмкүн.

Жалпы оорулуулардын саны белгисиз болгондуктан, канча пайыз өөрчүшү жана канчасы сакайышы жөнүндө так маалымат жок.

Бирок кадимки грипке караганда, бир кыйла көп өөрчүгөн учурлар болору анык. Өөрчүгөн учурда

өпкөнүн миллиондогон эпителий клеткалары өлүп, коргоо чек арасы жок болот.

Бул эмнени билдирет? Коргоосуз калган майда дем алуу баштыкчалар бактериялардын чабуулуна кабылып жаңы ооруларга жол ачылат.

Бейтаптар пневмонияга чалдыгып

дем алуусу татаалдашып кыйындайт, же такыр бузулуп, өпкөгө кычкылтек менен желдетүүчү жабдык туташтырууга туура келет.

Иммундук система бир жума бою күрөшкөндөн соң, бардык күчүн жоготот да бактериялар башкарууну колго ала баштайт.

Алар тез көбөйүп, канга кирип, бүт денеге тарайт.

Мындай учурда кырдаал толугу менен өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Коронавирусту грипп менен көп салыштырышат, бирок, чындыгында, ал бир кыйла коркунучтуу келет.

Жүрүп жаткан пандемия учурунда так өлүм пайызын аныктоо татаал болсо да

гриппке караганда дагы да жугуштуу болушу жана андан эселеп тез жайылышы шек жаратпайт.

Коронавирус сыяктуу вирустун эки өнүгүү жолу бар: тез жана жай.

Кайсыл өнүгүү жолу бизге келери алгачкы күндөрдө алдын алуу чараларына жараша болот.

Тез жайылган пандемия апааттуу болуп көп өмүрлөрдү кыят.

Жай пандемия өзүнүн тарыхка кара тактарын калтырбайт.

Эң жаман дегенде тез пандемия эбегейсиз ылдамдыкта тарай баштайт

себеби алдын алуу чаралары алынбагандыкта.

Эмне үчүн мындай учур өтө кооптуу?

Тез тараган илдетте адамдардын көбү бир эле убакытта дарыланууга муктаж болот

Акыра көбөйгөн бейтаптардын саны медицина тармагынын мүмкүнчүлүктөрүнөн ашып, көптөрү кароосуз калышат.

Медициналык ресурстар баарына жетишпей калат, ошол эле дарыгерлердин саны же өпкө желдеткич түзмөктөр.

Кароосуз калган өмүрлөр кыйылат.

Анын үстүнө дарыгерлер өздөрү ооруй баштагандыктан медицина тармагы соолуй түшөт.

Мындай жагдай орун алса, опурталдуу чечим кабыл алууга туура келет. Кимдерди дарылоо, ал эми кимдерди карабай өлүмгө калтыруу чечими.

Тез пандемияда өлүмдөрдүн саны кескин жогорулайт.

Айтылганды болтурбооо үчүн жалпы дүйнө боюнча, баарыбыз биригип тез пандемияга жол бербестен аны жай пандемияга айландырышыбыз абзел.

Пандемияны жайлатуу туура уюштурулган алдын алуу иш-чараларына байланыштуу болот

жана бул иш эң алгачкы күндөрдө аткарыла баштоосу шарт. Жайлатуунун натыйжасында бейтапканалар өз ишин жасоого үлгүрүп өмүрлөрдү сактап калат.

Коронавируска каршы вакцина жок болгондуктан, биз өзүбүздүн жүрүм-турушубузду коомдук деңгээлде башкаруубуз абзел.

Бул ыкманы социалдык вакцина десек болот. Бул жөнөкөй эки нерсени билдирет:

  1. дартты өзүнө жуктурбоо; жана 2. дартты башкаларга таратпоо.

Өтө жөнөкөй угулганы менен эң маанилүү иштердин бири – колду самындап жууп туруу.

Самын - ,чындыгында,вируска каршы күчтүү курал.

Себеби, коронавирустун кабыкчасы жөн гана май болгондуктан

самын ал кабыкчаны бузат дагы, вирустун бизди инфекциялоосуна жеткизбейт.

Экинчиден, самын көбүгү колубузду жибитип механикалык кыймылдын натыйжасында тазалап чыгат.

Колду туура жууш үчүн өзүңүздү жаңы эле ачуу калемпир туурап көз линзасын салып жатканыңызды элестетиңиз.

Андан кийинки эреже - бул адамдардан алыс кармануу. Албетте, өкүнүчтүү көрүнүш болсо да,

аткарылуусу коопсуздук үчүн керектүү. Алыс болуу деген кучактоо, кол кармашуу сыяктуу аракеттерди кылбоону билдирет.

Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, үйдөн чыкпай отуруңуз. Бул эреже сизди жана сиз үчүн сыртта кызмат көрсөткөндөрдү коркунучтан оолак тутуу үчүн керек.

Дарыгерлер жана милиция сияктуу кызматкерлер мындай кырдаалда баарыбызга керек ал эми алардын вируска кабылбоо бизге да көз каранды.

Жалпылап алганда, карантин чаралары киргизилиши зарыл. Мында саякаттолорго болгон тыюудан баштап, үйдөн чыкпай олтуруу буйруктарына чейин эрежелер каралган.

Карантин режими биз үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса да,

изилдөөчүлөргө, өкмөт жана дарыгерлерге жаңы вакцинаны табуу сыяктуу иштерине убакыт жагынан утуш камсыздайт.

Ошондуктан, кимибиз карантинге алынган болсок, туура түшүнүп кабыл алынган чечимди жана эрежени сактообуз абзел.

Мындай эреже жыргал болбосо да, жалпылап алганда коркунучтан кутулуунун бирден бир жолу болуп саналат.

Пандемиянын мелүүн же апааттуу бүтүшү анын башталышындагы күндөргө байланыштуу.

Эгерде ал тез башталса, анда оор кесепеттерди алып келет.

Эгерде ал жай башталса, анда кесепеттер оручундуу болбой, оңой өтүп кетет.

Демек, азыркы маалда коронавирустун келечеги өзүбүздүн колубузда.

Андыктан айтылган эрежелерди

САКТАЙЛЫ!!!.

Бул видеону жаратканга көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылык билдиребиз

Өзгөчө Our World In Data,

дүйнөнүн эң ири маселелери тууралуу изилдөөлөрдү онлайн жарыялаган

жана аларды чечүүнүн жолдорун издеген уюм.

Сайтка баш багыңыз. Ал айрыкча Коронавирус тууралуу эң акыркы маалыматты камтыйт

[Outro music]